НАСААТЧЫ МУГАЛИМДЕР

К.Кудайбердиева атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жаш мугалимдер мектебинин иши жѳнүндѳ маалыматы.

2020-2021-окуу жылында 6 жаш мугалим бар.Жаш мугалимдер эмгек жолун, эмгек жааматы менен таанышуу менен башташты.Ѳздѳрүнүн функционалдык милдеттери ,мектептин ички тартиби ,техникалык коопсуздук,ѳрт коопсуздук эрежелери менен таанышышты.Жаш мугалимдерге усулдук кеӊештин чечими менен насаатчы мугалимдер бекитилип берилген.Окуу жылынын башында насаатчылар папкасы уюшулуп,иш пландары жаш мугалимдердин,насаатчылардын иш аракеттери тиркелген.Атайын насаатчы,жаш мугалимге арналган банер жасалып илинди.Жаш мугалимдер календарлык,ѳндүрүштүк пландарын,журнал толтуруу иштерин насаатчы мугалимдеринен ,эмгек жааматынан үйрѳнүп жатышат.