ӨТКӨН ОКУУ ЖЫЛЫНА АНАЛИЗ

К. Кудайбердиева атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 2019-2020-окуу жылына жүргүзүлгѳн иштерине анализ.

Окуу процесси 2019-2020-окуу жылындагы базистик окуу планы менен алынып барылды.

Бардык ОТЖПдагы белгиленген иш пландар: педагогикалык, директор алдындагы, ѳндүрүштүк, усулдук бирикменин кенешмелеринде каралып тиешелүү чечимдер чыгарылып турду.

Педагогикалык кенешмеде тѳмѳндѳгүдѳй маселелер каралды:

Жаны окуу жылына даярдык, алдыдагы милдеттер, ОТЖПны бекитүү функционалдык милдеттер жѳнүндѳ август айында ѳтүлгѳн педагогикалык кенешмеде каралды.

Билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө ар түрдүү усулдарды колдонуу менен компьютердик, диагностикалык тесттер, жат жазуу, текшерүү иштер, дилбаян, баяндама алынып салыштыруу анализдери жүргүзүлүп турду. Натыйжада биринчи милдет окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө алдыга койгон милдеттер ишке ашып жатат десек болоорун белгилеп, өткөн окуу жылына салыштырганда билим сапаты 1%ге жогорулаган.

Педагогикалык кенешмеде ѳткѳн окуу жылынын анализин талкулоо менен

2019-2020-окуу жылына карата максаттар коюлуп аны чечүү милдеттери кабыл алынып жана иштер алынып барылды. Алар төмөнкүлөр:

1. Мамлекеттик стандартты: Окуу китептери, окуу программаларын ишке ашыруу.

2. Окутуунун жаны ыкмаларын колдонуу менен бардык сабактардан

окуучулардын билим сапатын 1 % ке жогорулатуу.

3 Мугалимдердин кесиптик жактан системалык өнүгүшүнө шарт түзүү.

4. Манастын жети осуятынын жана кыргыз элинин улуттук каада салттарынын

негизинде окуучуларды нравалык маданиятка, адептуулукко,

ыймандуулукка тарбиялоо.

5 Ата –энелер менен байланышты күчөтүү, аларды тарбия ишине тартуу,

балдарга болгон жоопкерчилигин арттыруу.

6. Кесиптик багыт берүү боюнча ишти улантуу.

7. Мектептин материалдык базасын чындоо боюнча айыл өкмөтү, донорлорду тартуу.

Экинчи пед кеӊеште: Сентьябрь айында ѳтүлдү. Пед. кенешмеде күн тартибинде 1-11- чейинки класс жетекчи мугалимдердин функционалдык милдлеттери жана жоопкерчилиги , ата-энелер менен ишти алып баруу милдеттендирилди.

Өлкөнү санариптештирүү жылына карата электрондук журналга өтүү жана аны алып

баруу жетекчилиги информатика мугалими Турдубаевага тапшырылды.

Окуучулардын китеп менен камсыз болушу 5-6-классынын окуучуларынын китеп арендасы , маселеси талкууланыпижара акысынан 100% ке 13 окуучу, 50%ке 13 окуучу бошотулду.

Үчүнчү пед кеӊешме: Ноябрь айында өтүлүп 1-маселе 1-чейректин жыйынтыгы каралып “5”ке окуучулар -15 окуучу

“4”,”5”-95 окуучу

“3”,”4”-289 окуучу

“3”-23окуучу окуп билим сапаты 27,5% түздү

Катышуу 98% түздү

Көрсөткүчтөру билим сапаты төмөн болгон :

7-а класс, класс жетекчиси Кариева Айжан

7-б класс, класс жетекчиси Турдубаева Э

9-б класс, класс жетекчиси Айтбаева Б

Предмет мугалимдери: Бекбулатова А, Шаршеева Ж-англис тил

Мамытова Б, Алыбекова П-математика

Жаналиева К-география

Байчубаков К-тарых мугалимдери окуучулар менен жекече иш алып баруу милдеттендирилди.

Күн тартибиндеги кылмыштуулуктун алдын алуу социалдык жана камкордука муктаж болгон окуучулар менен иш алып баруу жагы класс жетекчилерге, соц педагогко тапшырылды. Өзгөчө мигранттын балдары менен: 30 окуучунун ата-энеси чет жакта 21 окуучунун Кыргызстан ичинде, 39 окуучу социалдык жетим, 7 окуучу өгөй ата-эне менен жашаган, 7окуучу майып, 10 окуучу аз камсыз үй бүлө, 1 окуучу Сапарбеков Алишер-ЖӨИ учутунда турган окуучулар менен ишти системалуу, аяр мамиле түзүү менен иш алып баруу милдеттендирилди. Ата-энелер Университетинин ишин жандандыруу керек.

Таланттуу окуучулар менен иш алып баруу мектептин жалпы планы менен ишке ашып келүүдө. Предмет мугалимдеринин окуучулар менен жекече иштөөсү жуманын ар бир күнүндө саат 14:00,16:00го чейин өтүлүүдө, жана окуучулардын шыгына жараша мугалимдерге пед кеӊештин чечими менен бекитилип берилди.

Төртүнчү пед кеӊешме: Январь айында өтүлүп экинчи чейректин жыйынтыгы талкууланды. Мектеп боюнча билим сапаты 33% түзүп 1-чейрекке салыштырганда 5,5%ке жогорулоо: орус тилинен-динамика 7,1%

Орус адабияты -5%

Алгебра 7,5%

Биология-7,5% болгон.

Көрсөткүчтөрү төмөн болгон 8-а, 11-б,5-а, 9-б,3-б класстарына окуу бөлүмү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Райондук олимпиаданын жыйынтыктары каралып11-классынын окуучусу Аскаров Санжар англис тилинен 1-орунга ээ болду. Мугалими: Шаршеева Ж областтык этапка даярдоого милдеттендирилди. Ал эми 2-3-орун алган Асанова Роза 11-класс ыргыз тил, Абылкасымова Ширин 10-класс, Алыкеева Мээрим орус тил 11-класс аталган окуучулардын мугалимдери : Адылдова А, Абдышева Ж, Шаршеева Жжекече иш алып баруу милдеттендирилди.

Март айында өлкөдөгу өзгөчө кырдаалга байланычтуу он-лайн педагогикалык кеӊешменин каралуучу маселелери төмөнкүлөр болду:

3-чейректин жыйынтыгы:

Мектепте жалпы чейрек башында 543 окуучу анын 243 кыздар чейрек аягында 543 окуучу кыздар 242 келди 2/1 кетишти2/2

“%”-деген баага 35 окуучу “4”жана “5”-120/72кыз

Билим сапаты 33% түздү

“4” жана “5” ке окуган окуучулар-25%

“3” жана “4” окугандар 303 окуучу

“3”кө окугандар 12 окуучуну түзүп

“2”ге жок. Жетиштүү 100%, катышуу 98% түздү.

2-4 класстарда “5”ке -20 окуучу

“4”,”5”ке-28кыз жалпы 560 окуучу

“3”,”4”кө-111

“3”-1 окуучу окуп

Билим сапаты 40% түздү.

5-8,9 класстарда-“5”ке-12 окуучу

“4”, ”5”-46 окуучу

“3”, “4”-151

“3”-8 окуучу окуп

Билим сапаты 27% түздү.

Предметтер боюнча:

Бардык көрсөткүчтөргө салыштырсак Англис тили 9-а-26%, 9-б-24%, 7-а-29%

Алгебра 8-а-28%, 9-б-20%,

Геометрия 8-а-28% 9-б-20%

Химия 9-б-28% түзгөн.

Билим сапатында төмөн көрсөткучкө ээ болгон 7-а,7-б, 8-а, 9-а, 9-б, 11-б класстарынын окуучулары менен аралыктан окутуу учурунда өзгөчө көӊүл бурулуусу предмет мугалимдерине тапшырылды.

Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдыктары боюнча маалымат талкууланып мугалимдерге он-лайн тапшырмаларды берүү кайтарым байланыш түзүүАдылова А, Байчубаков К, Исаев, Мамытова , Алиев, Кариева, Абдышевага тапшырылды.

Май айындыгы №6 он-лайн пед кеӊеште 1-4,5-8, 10-классынын окуучуларынын кийинки класска көчүрүүсү каралды. Баардык окуучулар 4-чейректи дистанттык түрдө өздөштүргөндүктөн жана I-II-III-чейректеринин жыйынтыгынын негизинде жылдык баа чыгарылып класстан класска көчүрүлдү.

Экинчи маселе боюнча 2019-2020-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын-ЖМА өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу иштелип чыккан Убактылуу Жобо менен тааныштырылды. Жобонун негизинде аттестацияны өткөрүү боюнча ЖБУнун комиссиясы түзүлдү.

ЖБУ предметтик комиссияны-ПК, аттестацияда жаралган көйгөйлөрдү чечүү боюнча ТК-талаш комиссиясы түзүү керек экени белгиленди.

2019-2020-окуу жылында 9,11-класстын окуучуларын ЖМАга жиберүү маселеси каралды. Предмет мугалимдеринин маалыматында: чейректик, жылдык жана практикалык, лабораториялык, тесттик жазуу иштеринин жыйынтыгынын негизинде жылдык баалары коюлду. Баардык окуучулар программалык материалды аткарышты жана 9-класстын 48 окуучусу, 11-класстын 42 окуучусу ЖМАга жиберилсин деген чечим чыгарылды.

Пед кеӊешмеде X жана XI класстарда окуу планындагы бардык окуу предметтеринин чейректик жарым жылдык жана жылдык баалары “5” (эӊ жакшы) деген баага өздөштүргөн окуучулар Асанова Роза, Ашыраканова Сезим “Алтын тамга” тестирлөөсүнө катышууга жиберилсин деген чечим кабыл алынды.