Менин мектебим

Дата публикации: Jan 28, 2017 4:5:14 PM

23-январда мектептин алдын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында 5-11-класстар арасында "Менин мектебим"аттуу кароо-сынак болуп өттү.Кароо сынакта окуучулардын мектептин алдын жашылдандыруу үчүн түзүлгөн проекттери,макеттери,газеталары каралды.Көпчүлүк класстар макеттерди түзүп жакшы, заманбап ойлору менен бөлүштү.Жашылдандыруу үчүн гүлдөрдүн,бактардын жана көп жылдык өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө кандай кам көрүү жөнүндө дагы өзүлөрүнүн ойлорун сунушташты.

Сынактын жыйынтыгында эң жакшы проект деп 10-классынын иши табылды.